• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички мигранттарга абанын булганышы жана энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча маалымат берилет

Коом 0

Бишкек, 16.05.22 /Кабар/. “Юнисон Групп” коомдук фонду Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына жардам берүү үчүн “Абанын булганышы боюнча мигранттардын маалымдуулугун жогорулатуу" жана “Дени сак шаар” ыкмасына ылайык чараларды иштеп чыгуу” долбоорун баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фонддун энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча эксперти Жаныбек Кулумбетов билдирди.

Анын айтымында, долбоордун максаты ички мигранттардын абанын булганышы боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жолу менен Бишкектеги абанын булганышына каршы күрөшүүгө салым кошуу болуп саналат.

“Биз иш-чаранын алкагында катышуучулар үйлөрдү кантип жылуулоо туура экенин жана эмне үчүн айрым үйлөрдө жылуулук жоготуулары байкалып жатканын үйрөтөбү. Кантип жогорку сапаттагы курулуш материалдарын тандоо, сметасын түзүү жана ишти пландаштыруу. Энергияны үнөмдөөчү мештердин кандай түрлөрү бар жана күн энергиясын кантип колдонуу керектиги боюнча окутабыз”, - деди ал.

Маалымат кампаниясы төмөндөгүдөй негизги тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:

- энергияны үнөмдөө аркылуу абанын сапатын жакшыртуу (меш, имаратты жылуулоо, жашылдандыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактары);

- булганган абанын ден соолукка, ички жана тышкы абанын сапатына тийгизген таасири.

Маалымат үчүн: Долбоор Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Эң активдүү демилгелүү топтор жалпы суммасы 65 миң долларды түзгөн мини-гранттарды ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий