• 88.68
  • 95
  • 0.95

II Элдик курултай. Энергетика министрлигине 117 кайрылуу түштү

Курултай 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. 15-16-декабрда Бишкекте өткөн II Элдик курултайдын жүрүшүндө 117 делегат көйгөйлөрү менен Энергетика министрлигине кайрылды.

Ведомстводон билдиришкендей, курултайга энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары Таалайбек Байгазиев, Атабек Абылгазиев, министрликтин тийиштүү кызматкерлери делегаттар менен жолукту. Аймактардан келген делегаттар күнүмдүк жашоодо эле эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүшүндө энергетиканын ролу чоң экенин белгилешти.

Жолугушуунун алкагында энергетика боюнча жалпы 117 делегат кайрылды. Делегаттардын көпчүлүгү газдаштыруу, кубаттуулукту көтөрү, ГЭС куруу, аба чубалгыларын, трансформатор жана мамычаларды жаңылоо маселелери менен кайрылышты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев делегаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын баса белгиледи.

"Ар бир кайрылган делегаттардын маселеси орундуу жана биз үчүн маанилүү. Энергетиктер жана делегаттар менен биргеликте жасалган аракет өнүгүүгө жетелейт. Биздин башкы максат - элге жарык жана жылуулук берүү", - деди Таалайбек Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий