• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 күжүрмөн эсеп тартылган:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 3, Баткен облусунда 1өрт катталган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында BAЗ үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган түрак үйдүн 56 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий