• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө эки адам баңгизат менен кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эки адам баңгизаты менен колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча 2 факты аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан 25-октябрда Түп районунун Ичке-Суу айылында 44 жаштагы Нурлан Т. аттуу жергиликтүү жаран кармалган. Текшерүүнүн натыйжасында 10 кутучага салынган 600 грамм көлөмдөгү гашиш табылган.

Андан тышкары ошол эле күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда Кудургу айылына жакын жерде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, жүргүнчүлөрдүн биринин чөнтөгүнөн жапайы кара куурайдын жыты бар 8 брикет заты табылган. Көлөмү 60 граммды түзгөн. Экспертиза аталган зат баңгизаттардын гашиш түрүнө кирээрин аныктаган. Кармалган Ош шаарынын тургуну 41 жаштагы Т.Бактыбек аттуу жаран болуп чыккан.

Эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий