• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суракматов Улуу Британиянын элчиси менен “Бишкек – баары үчүн акылдуу шаар” стратегиясын иштеп чыгууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Бишкектин мэри Азиз Суракматов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мэриянын DFID менен “Бишкек – баары үчүн акылдуу шаар” стратегиясын иштеп чыгуу боюнча кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Бишкектин мэри долбоордун ишке ашырылышы шаардыктар үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Мэрия тарабынан шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү үчүн чоң иштер жасалып жатат. Негизги ролу болуп санариптик технологияларга өтүү саналат.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев, DFID`нын Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин башчысы Питер Фернандес Карди жана DFID долбоорлорунун Бишкек шаары боюнча координатору Анара Аширалиева билдирди.

Пикир

Оставить комментарий