• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500дөн ашуун ыктыярчы тартылат

ДКО 2018 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 500дөн ашуун ыктыярчы иш алып барат. Бул тууралуу III ДКОнун катчылыгынан кабарлашты.

Белгилей кетчү жагдай ыктыярчыларды тандоо үч этапта болду, Кыргызстандын 24 жогорку окуу жайларынан катталган 3400 ыктыярчыдан 550 ыктыярчы тандалып алынды. Алардын ичинен дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 30 эл аралык ыктыярчылар, ошондой эле Кыргызстандын бардык региондорунан 80 өкүл.

Бүгүнкү күндө ыктыярчылар ДКОнун салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдери, спорттук, маданий иш-чаралар, массалык маалымат каражаттары менен иштөө өңдү тогуз топко бөлүнгөн.

Ыктыярчылар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алкагында өтүүчү иш-чаралардын шарттары менен тааныштырылган, бул алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, протокол жүргүзүү, коопсуздук ж.б.

Пикир

Оставить комментарий