• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Баткен облусунда абал тынч, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантышууда жана ички кайгуул Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында улантылууда.

Баткен облусунун ИИБи тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, чек арага жакын жайгашкан аймактарда мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылууда.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. 31-январга карата абал тынч, ыкчам курдаал туруктуу.

Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий