• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жыл башынан тарта 580ге жакын жол кырсыгы катталып, андан 141 адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 2021-жылдын 11 айында 576 жол кырсыгы катталып, андан 141 адам каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыктарынын 250сү Бишкек - Ош унаа жолунда катталып, анда 82 адам мерт кеткен.

Жалал-Абад облустук ЖККККБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, облус аймагында айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдери текшерилүүдө. Анын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунда такси кызматын аркалап жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочуларына ЖКККБнүн жана ӨКМ кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, андан сырткары, Сузак райондук тез жардам кызматкерлери тарабынан айдоочулардын кан басымдарын текшерүүдөн өткөрүүдө.

"Акыркы учурларда айдоочулардын жолдо уктап кетип, жол кырсыктарга кабылып жаткан учурлар көп катталып жаткандыктан, жогорудагыдай иш-чаралар уюштурулуп, жол эрежелерин так сактап жүрүү боюнча каттуу эскертүүлөр берилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү айдоочуларды жолдо жүрүүдө сак жана жол эрежеге так болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий