• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 12 чакырым арык тазаланып, 1800 куб метр таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.23./Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембиликке шаардык мекеме-уюмдардын жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик кызматтардын жана ведомстволордун бардык эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, шаар куруу жана коммуналдык чарба кызматкерлери, МАБ кызматкерлери жана Жапалак айыл аймактык башкармалыктарынын адистери, спортчулар жана жеке ишканалардын кызматкерлери катышты.

Ишембиликте бардык уюмдар, ишканалар, жогорку жана орто окуу жайлары өздөрүнө бекитилген аймактардагы бак-дарактарды актап, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен айланадагы таштандыларды, арыктарды тазалоо иштери жүрдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө 5 миңден ашык бак-дарактар ​​акталып, 12 чакырымга жакын арык тармактары тазаланды.

Тазалоо иштеринин жыйынтыгында "Ош-Тазалык" жана "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери 1800 метр куб таштанды чыгарышты.

Мындан тышкары, Жапалак айыл аймактык башкармалыгына 3,4 миң түп ийне жалбырактуу жана мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрү тигилди. Ошондой эле, ишембиликтин алкагында 3 миңден ашык ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду.

Жалпысынан шаар боюнча ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий