• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз! Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 15.04.23./Кабар/. 15-16-апрелде күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

"Сел каптоонун алдын алуу үчүн коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий