• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү жаңы имаратка көчтү

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өткөн башка имаратка көчтү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү калаанын борбордук бөлүгүндө жайгашып, Эркиндик көчөсүндө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн (мурдагы шаардык сот жана прокуратура органы жайгашкан) имаратка көчүрүлдү.

Бүгүн анын расмий ачылышына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Ал кызматкерлерди куттуктап, мекемеде түзүлгөн шарттар, санариптештирүү менен шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо багытында аткарылган иш аракеттер менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий