• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Коменданттык сааттын эрежесин бузган 150 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. 28-марттан саат 20:00дөн тартып 29-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 150 жаран кармалып, 8 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен:

• Бишкек шаары боюнча - 115, • Ош шаары боюнча - 15, • Жалал-Абад шаары - 8, • Сузак району боюнча - 1, • Ноокат району боюнча - 1, • Кара-Суу районунда - 10 жаран кармалып, райондук бөлүмдөргө жеткирилген.

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий