• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Н. аттуу жаран кайрылып, ушул жылдын апрель айында Э. аттуу жаран ишеничине кирип баасынын үчтөн бир бөлүгүн берип «Лексус 450Н» үлгүсүндөгү унаасын алып, андан соң анын атынан тил катка жасалма кол коюп башка адамдарга сатып жибергендигин билдирген.

Жыйынтыгында жабырлануучуга ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыш иши боюнча тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Р.Э. жана 1994-жылы туулган Т.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

“Эгер дагы Р.Э. жана Т.С. тарабынан жабыркаган жарандар болсо төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмү 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 же 102 номери”, - деп белгилешти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий