• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Акчалар желим баштык жана папкага салынган болчу – күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.29 /Кабар/. Бүгүн, 19-февраль күнү Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Соттук отурумда банктын өкүлдөрү суралды.

"Уячаны ачуу үчүн банктын ар кайсы бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн. Уячаны ачуу телефонго тартылып алынган. Уячанын ичинде эмне болгону жазылып алынган. Акчалар желим баштыкта жана папкада болгон. Видеого тартып алгандан кийин виедофайл флеш-картага көчүрүлүп, телефондогу видео өчүрүлгөн", - деди ал.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий