• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү

Аймак 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги менен биргеликте Ысык-Көлдө жайкы сууга түшүү маалында алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жайкы эс алуу учурунда жана сууга түшүүнүн кызыган мезгилинде ведомстволор аралык жумушчу топ “Суудагы жана жээктеги коопсуздук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.

Күн мурун милиция кызматкерлери Чоң-Сары-Ой айылындагы “Алтын-Кум”, “Goodlake” пансионаттарын, “Барчын”, “Жалын" жайкы балдар лагерлерин жана Өрнөк айылындагы боз үй шаарчаларын кыдырып, эс алуучу жарандарга сууда коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишти.

Милиция кызматкерлери тематикалык китепчелерди таратып, жээктеги эс алуучуларга жүрүм-турумдун негизги эрежелерин түшүндүрүп беришти.

Мындан тышкары, президенттин 2022-жылдагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык ведомстволор аралык жумушчу топ жээктердин санитардык жана экологиялык тазалыгынын сакталышын кошумча текшерип, айрым пансионаттар жана жеке сектордун ээлери тарабынан бул нормаларды сактоо боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Милиция кызматкерлери аларга аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча бир катар тапшырмаларды беришти. Ведомстволор аралык жумушчу топ мындан ары эс алуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарын бузууга жол бербөө, ошондой эле тыюу салынган жерлерде сууга түшпөө жана көл жээгинде эс алуу учурунда спирт ичимдиктерин ичүүнүн кооптуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин улантат.

Эскерте кетсек, коомдук жайларда, анын ичинде көл жээктеринде жана көлгө жакын жерлерде мас абалында жүргөн жарандар КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий