• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Түндө коменданттык саат учурунда тартип бузган 80 адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 80 жаран кармалып, 6 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары – 66, Ош шаары – 1, Жалал-Абад шаары – 5, Сузак району – 2, Нарын шаары – 4, Ат-Башы району – 2.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын облусуна караштуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунда дагы киргизилди. Тиешелүү жарлыктарга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Пикир

Оставить комментарий