• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Өткөн жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүн улантууда, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМ жетекчилигинин жарандар менен жакын мамиледе болуу, калктын көйгөйлөрүн жакындан билүү менен ага ыкчам аракеттерди көрүү, жер-жерлерде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүү боюнча талаптарын аткаруу максатында Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөдө балдарга карата жасалган зомбулукту жокко чыгаруу боюнча алдын алуу жана маалыматтык иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө жана зомбулуктан жабыркагандарга социалдык, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүү максатында башка органдар жана уюмдар менен биргелешкен иш-аракеттер өткөрүлүүдө.

Үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу иштерин активдештирүү үчүн 2021-жылдын октябрь айында Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлүп, азыркы убакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Ошондой эле коомдук коопсуздук кызматында милициянын көчмө кабылдамаларынын иштери боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат.

2021-жылдын 12 ай ичинде аймактарга 6627 чыгуулар камсыз болгон, анын ичинде кайрылган атуулдардын саны 25162, жалпысынан 6680 арыздар жана кайрылуулар түшкөн. Алардын ичинен 686 коопсуздук менен байланышкан. 4456 жеринде юридикалык кеңеш берилип чечилген. 1286 өз алдынча башкаруу органдарына жиберилген, ал эми 252 мамлекеттик органдарга жиберилип, 379у кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен, бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык аймактарында эл менен жолугушуулар уюштурулуп келет.

2021-жылдын 12 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 10 миң 151 фактысы катталган.

Берилген убактылуу коргоо ордерлери:

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген убактылуу коргоо ордерлери 9038 (8577), анын ичинен:

- жабыр тарткан эркектерге 311 (363);

- аялдарга 8 миң 463 (7891);

- жашы жетелектерге 264 (323).

Ошондой эле ордер үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга дагы берилген, анын ичинен зомбулук жасаган эркектерге 8 миң 599 же (95,2%) аялдарга 439 же (4,8%).

Берилген убактылуу коргоо ордерлеринин ичинен: Бишкек шаары - 3518, Чүй облусу - 2337, Ош шаары - 373, Ош облусу - 573, Баткен облусу - 286, Жалал-Абад облусу - 649, Ысык-Көл облусу - 704, Нарын облусу - 317, Талас облусу - 281.

Андан тышкары, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан республиканын бардык аймактарында калк менен жолугушуулар уюштурулуп, аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында семинарлар, курстар өткөрүлүүдө, видеороликтер жасалууда. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча күнүмдүк иштерине методикалык сунуштар жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий