• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин 2 кызматкери кыйноого жана опузалоого айыпталууда – Башкы прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Башкы прокуратура милиция кызматкерлери тарабынан А.К. аттуу жаранга карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2016-жылы 27-октябрда Токмок шаарында өздөрүн ИИМ кызматкери катары тааныштырган белгисиз 2 адам “А.К.” аттуу жаранды кармашып, ИИМдин Бишкек шаарындагы мекмесине алып келишкен. Андан кийин анын “Э.И.” аттуу жаранга 30 миң доллар суммасында карызы бар экендиги тууралуу жалган көрсөтмө алуу үчүн аны ур-токмокко, башкача айтканда кыйноого алышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, “А.К.” аттуу жарандын денесиндеги ур-токмокко алуунун белгилери жаңил деп табылган.

Аталган кылмыш ишин иликтөө КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий