• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүнө Күжүрмөн Туулар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 704 аскер бөлүгүнүн жана Кара-Көл шаарындагы 718 аскер бөлүгүнүн аймактарында Күжүрмөн Тууну тапшыруу боюнча салатанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага КР Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, КР ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекулов, аскер бөлүктөрдүн ардагерлери, биргелешип иштеген жана чакырылган меймандар катышты.

Бул күн 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы үчүн өзгөчө күн. Анткени, Күжүрмөн Тууну тапшыруу күнү аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына туш келип, кош майрамды белгилеп жатышат.

Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып Сүйүнбек Омурзаков аскер бөлүктүн өздүк курамын кош майрамы менен куттуктап, 2000-жылы Чаткал районундагы болуп өткөн коогалаңда, бөлүктүн аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралчан согушкерлерди жок кылууда көрсөткөн эрдиктери тарых барактарында түбөлүккө кала берерин белгиледи.

Ал эми 18 аскер бөлүгүнүн командирине Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып Ички иштер министринин биринчи орун басары, бөлүктүн аскер кызматкерлеринин Каскад Токтогул жана Курулуп жаткан ГЭСтерди кайтаруудагы салымы зор экенин белгилеп өттү.

Салтанаттуу иш-чара, аскер бөлүктөрдүн өздүк курамы тарабынан даярдалган кол уруш ыкмаларын жана аскердик техника менен курал-жарактарды көрсөтүү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий