• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ИИМ: Ысык-Көл облусунда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинети менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында 2021-жылдын 6-10-сентябрь күндөрү Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча биринчи улуттук симуляциялык машыгууну баштады.

Иш-чаранын ачылышына КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ж.Бакашова, ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи А. Рогов катышты.

КР ички иштер министринин орун басары Н.Абдиев өз баяндамасында иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, ИИМ мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдук уюмдар менен биргеликте учурда адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү боюнча активдүү иштеп жататкандыгын билдирди.

Иш-чарага 70тен ашуун адис, анын ичинде ички иштер министрлигинин 17 кызматкери, ошондой эле башкы прокуратуранын, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, мамлекеттик эмгек инспекциясынын, жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда.

Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча биринчи улуттук симуляциялык машыгуу 2019-жылдын 19-сентябрында КР өкмөтүнүн №493 токтому менен кабыл алынган адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорду кайра багыттоонун улуттук механизминин алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө адам сатууга байланышкан кылмыштар, тактап айтканда эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоо боюнча жагдайлар ойнотулат, мында
иш жүзүндө укук коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын жана бейөкмөт уюмдардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматташтыгы түзүлөт.

Мында ички иштер органдары тарабынан бир нече кылмыш иштеринин козголушу жана социалдык кызматтардын жана бейөкмөт уюмдардын аныкталган адам
сатуунун курмандыктарына өз убагында социалдык жардам берүүлөрү маанилүү жыйынтыктардын бири болуп саналат.

Машыгуулар КР министрлер кабинетинин Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 2021-2024-жылдарга каратат Мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Ички иштер министрлиги адам сатуунун курмандыктары үчүн жолдомо берүү механизминин Улуттук программасын иштеп чыгуучу катары өзгөчө роль ойнойт. Окутуу иш-чаралары Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Биргеликте адам сатууну токтотолу!” чакырыгы алдында өтүп, 100 күндүк маалымат кампаниясынын компоненттеринин бири катары эсептелет.

КР ИИМи адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына жана талаптарына басым жасоо менен адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн улуттук жолдомо механизмин ишке ашыруу боюнча координациялоочу орган болуп эсептелет. Симуляциялык көнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий