• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Күзөт кызматы 55 жылдыгын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы 55 жылдык мааракесин белгиледи.

Аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчиси Дамирбек Исаков катышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө элдин коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен мамлекеттик маанилүү объектилерди жана жарандардын өздүк мүлкүн коргоодо милициянын бир канаты болгон ИИМдин Күзөт кызматынын 55 жылдык мааракеси менен куттуктады.

“Элчиликтерди, банктарды, элдердин турак-жайын жана маанилүү деп аталган стратегиялык обьектилердин корголушу да Сиздердин эмгек деп баалаймын. Күзөт кызматынын өзүнчө уюм болуп калыптанышына ал тармакты жетектеген ондогон биздин ардагерлерибиздин, кесиптештерибиздин эмгеги зор экендигин билебиз”, - деди министр.

Стратегиялык багыттагы мекемелерди өтө чоң жоопкерчилик менен сактоодо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн кызматкерлерге жана ардагерлерге сыйлыктарын тапшырды.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын начальниги Дамирбек Исаков бардык ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин өздүк курамын куттуктады.

Иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий