• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин кызматкерлери ШКУ жана БУУнун онлайн жыйындарына катышты

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-мартында БУУнун Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясынын 65-сессиясынын "талаасында" Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов башында турган КР делегациясы "ШКУнун мейкиндигиндеги баңгизаттарга каршы кызматташтыкты күчөтүү, глобалдык баңгизаттарды контролдоого көмөктөшүү" темасындагы жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарасына (сайд-ивент) катышты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чарага ШКУнун Башкы катчысы мырза Чжан Мин, БУУ БКБнын аткаруучу директору айым Гада Вали, Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сыромолотов О.В., ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруучу комиетинин директору Р. Мирзаев, Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча Улуттук маалыматтык-аналитикалык борборунун директору О. Нарзулаев, Тажикстан Республикасынын БКАнын директору Х. Вохидзода, Индия Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча Бюросунун башкы директорунун орун басары Санджай Кумар Сингх, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин (MPS) Баңгизатарды контролдоо боюнча бюросунун башкы директору Лианг Юн, Пакистандын Баңгизаттар менен күрөшүү Күчүнүн башкы директору Г. Шаббир Наредж катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактагы баңгилик кырдаалдын өнүгүү тенденциясы жана БУУ БКБнын жана ШКУнун баңгизаттарды контролдоо боюнча биргелешкен чарасын кабыл алуу, ошондой эле ШКУнун алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү контролдоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн механизминин натыйжалуулугун жогорулатуу, ШКУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарга каршы түзүмдөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташуу, анын ичинен маалымат алмашуусу, прекурсорлорду контролдоо, БУУнун профилдик органдары, башка баңгизаттарды мыйзамсыз өстүрүү, өндүрүү жана жүгүртүү менен күрөшүүгө тартылган эл аралык жана аймактык уюмдар менен терең өз ара аракеттенүү маселелери каралган.

Өз сөзүндө Уланбек Султанов Кыргызстандын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдө жалпы мамилени жана кызматташууну мындан ары уланта берүү ниетин билдирген.

Ошону менен бирге, баңгилик коркунучтарга каршы аракеттенүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болгондугун, ал стратегиялык пландоо документтеринде, анан ичинен Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүүнүн Улуттук программасында бекитилгендигин белгилеген.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Шанхай кызматташтык уюмунун жана ага мүчө мамлекеттердин глобалдык баңгизаттарга каршы аракеттерге салым кошууну улантарын, ошондой эле БУУ БКБ менен тыгыз координацияда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көп тараптуу кызматташарын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий