• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Республикалык окуу борборунда “Тил-элдин байлыгы жана баалуулугу" аталыштагы конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 31 жыл толгонуна байланыштуу бүгүн, 22-сентябрда ИИМдин Республикалык окуу борборунда “Тил-элдин байлыгы жана баалуулугу” деген аталыштагы онлайн форматта атайын конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин, президентке караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмүнүн жана башкармалыктардын, окуу жайлардын кызматкерлери катышты.

"Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана аны ар тараптан колдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Бүгүнкү конференциянын катышуучулары да мындан ары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өз ара кызматташууну бекемдөө тууралуу өздөрүнүн ойлорун айтышты", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий