• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Афган ардагерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович 15-февраль-Советтик аскерлерди Афган жеринен чыгарып кетүү күнүнө карата, Афган согушунун ардагери, милициянын прапорщиги Табалдиев Жаныбек Бектуровичти куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалыгында, бөлүмдөрүндө жана бөлүмчөлөрүндө Афган согушун башынан өткөргөн көптөгөн кызматкерлер бар, ошолордун бири 1986-жылдан 1988-жылдын сентябрь айына чеийн Афган жеринде, Советтик Армиянын катарында интернационалдык милдетин өтөп келген, 1993-жылдан бери ички иштер органдарынын катарында иштеп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткер жардамчысы кызматында эмгек кылып келе жаткан, милициянын прапорщиги Табалдиев Жаныбек менен жолугушу болду.

Жолугушу жылуу маанайда өтүп, катышуучулар ошол убактагы оор күндөрдү, чогу кызмат өтөгөн шериктерин эскеришти.

Өз убагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Жумагазиев Канат Афган Ислам Республикасында өзүнүн интернационалдык кызматын өтөгөн Табалдиев Жаныбекке ден-соолук, ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалап, Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий