• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иним Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырат — УКМК башчысы

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Менин иним Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшырат. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Мен кечээ инимди чакырдым. Аны менен сүйлөшүп, үй-бүлөбүздө бир эле саясатчы болушу керектигин айттым. Өлкө жетекчилеринин өткөн тарыхын эске алып, инимден депутаттык мандатын тапшырууну сурандым, ал макул болду. Ал келерки аптада Жогорку Кеңештин жыйынында мандатын тапшырат”, - деди Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий