• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Инвесторго оюндун түшүнүктүү шарттары керек – Абдуманапова

Экономика 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргызстандагы кайсы бир нерсенин өндүрүшүнө салым кошоюн деп жаткан инвесторго оюндун түшүнүктүү шарттары керек. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда Baker Tilly Bishkek компаниясынын директору Юлия Абдуманапова билдирди.

Анын пикири боюнча, эгер оюндун түшүнүктүү шарттары жок болсо, коррупция пайда болот.

Адам өзүнүн укуктарын билбесе, мыйзамда бул милдетпи же милдет эмес экендиги жазылбаса – коррупциянын булагы ошол жерде. Мисалы тоо кен казуу тармагы – экономиканын капиталга бай тармактарынын бири, андагы долбоорлор 10 жылга эсептелет. Инвестор кендүү жерде долбоорун ишке ашырайын дегенде ал 20 жылдан кийин эмнелерге туш болорун түшүнгүсү келет. Инвестор үчүн өлкөдөгү салыктын баасы кантип өзгөрөрү маанилүү.

Ал ошондой эле олуттуу инвестор үчүн саясий, экономикалык стабилдүүлүк аябай маанилүү экендигин белгиледи.

“Бизде “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамдар бар. Ал жакта баары жазылган, бирок иш жүзүндө иштебейт. Мен көптөгөн инвесторлор менен жолуккам, алардын көбүн инвестицияларды коргоо тууралуу эки тараптуу макулдашуулардын бар же жоктугу тынчсыздандырат. Айрым учурда депутаттар мааниси жок мыйзам долбоорлорун демилгелеп чыгышат, алар кимге керек? Салык салуу баары үчүн калыс болушу керек. Кыргызстанда учурда эң төмөн салык. Бирок мамлекет аны башкарганды билбейт”, - деди Абдуманапова.

Пикир

Оставить комментарий