• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иранда кулаган учак Кыргызстанга эмнеге келген? Транспорт министрлигинин жообу

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги Иранда кулаган Boeing 707 учагынын Кыргызстанда эмне кылып жүргөндүгү тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Иран республикасынын нотасынын алкагында Ирандын Аскердик-аба күчтөрүнүн Boeing 707 учагы 13-январь күнү Эл аралык “Манас” аэропортуна саат 23:10до конгон, эртеси күнү саат 07:16да учуп кеткен.

КРнын “Манас” аба майданын колдонууга уруксат 12-январь күнү аэропорт тарабынан берилген.

Аэропортто “Манас хендлинг” компаниясы ал учакты тейлеген. Учакка Кыргызстанда май куюлган эмес. Берилген арызга жараша учактын ичинде борддун командири жана 15 кишден турган экипаж болгон. Бардыгы Иран Республикасынын тургундары болгон.

КРнын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган борд Таиланддан учуп келген. Келгенде бош келип, Кыргызстандан койдун эти жүктөлгөн.

16 кишиден турган экипаждын ичинен бирөө аял болгон. Алардын ичинен 11и шаарга сейилдегени чыккан, ал эми беш адам учактын ичинде калган.

Пикир

Оставить комментарий