• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек — Ош трассасында күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетип, айдоочусу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бишкек — Ош трассасында күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жолдун 209-чакырымында оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшүп, натыйжада күйүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болгон. Жерине беш куткаруучу тартылып, айдоочунун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий