• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ирандын түндүгүндө жер титиреди

Дүйнө 0

Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. Шаршембиге караган түнү Ирандын түндүгүндө жер титиреп, бир адам каза болуп, 56сы жабыркаган. Бул тууралуу IRNA агенттиги медициналык жардам көрсөтүү кызматына шилтеме кылуу менен билдирет.

Ирандын сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, 4,2 баллдык жер титирөө шаршембиде жергиликтүү убакыт боюнча 00:54тө Тегерандан алыс эмес жерде болгон. Силкинүүнүн очогу 12 чакырым тереңдикте жаткан.

Жер титирөөнүн курмандыгы жүрөк оорусунан көз жумган адам болгону белгиленет.

Өткөн жумада өлкөнүн түндүгүндө магнитудасы 5,2 жер титирөө катталган. Анда 2 адам каза болуп, 100 ашыгы жабыркаган.

Иран сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан. Ал жакта жер силкинүүлөр көп болот. Акыркы убакта кыйратуучу жер титирөөлөрдүн бири болгон ноябрдын ортосунда 7,2 балл болгон силкинүүдөн 600дөн ашуун адам каза болгон.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий