• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда кайрадан жер титиреп, үч адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кечээ Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги кабарлайт.

“Жер биринчи ирет түркия убактысы боюнча саат 20:04тө силкинип, күчү 6,4 баллга жеткен, экинчи жолу саат 20:07де титиреп, күчү 5,8 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг райондорунда болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Агенттиктен белгилешкендей, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Түркиянын үч жараны каза болду.

Жердин силкинүүсү коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израил өлкөлөрүндө сезилген.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий