• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын биринчи айымы Палестинада туруктуу тынчтыкты орнотууга чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган "29-ноябрь — эл аралык Палестина эли менен тилектештик күнүнө” байланыштуу социалдык медиа баракчасында дүйнөгө кайрылуу жасады.

"Биз убактылуу ок атышпоону эмес, кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кыргынга кабылган бардык жарандар үчүн дароо, туруктуу тынчтыкты талап кылабыз", - деди Эмине Эрдоган.

"Бүгүн биз Газа тилкесинде жерди жаздык, асманды жууркан катары колдонуп жаткан бейкүнөө адамдар менен биргебиз. Палестинанын эркиндик үчүн күрөшүн колдойбуз. Дүйнөнүн кайсы бир жеринде адилетсиздик менен бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатса, эч кимибиз эч жерде толук коопсуз боло албайбыз.

Эл аралык Палестина эли менен тилектештик күнүндө биз кайрадан дүйнө жүзүнө кайрылабыз; Биз убактылуу ок атышпоону эмес, кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кыргынга учураган бардык жарандар үчүн дароо, туруктуу тынчтыкты талап кылабыз.

Албетте, залимдик жана зулумдукка каршы туруп, жүрөктөрүн кек жана жек көрүүгө эмес, ырайымдуулукка толтуруп, бир туугандыкты артык көргөндөр, силер жалгыз эмес экениңерди билишиңер керек.

Түркия эч нерсеге карабастан, ар дайым күнөөсүздөрдүн жанында болот жана Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн аракет кылат. Акыры адамзат жеңет деп ишенем" - деп жазды Түркиянын биринчи айымы.

Ошондой эле, Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда көптөгөн өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын жубайлары жана атайын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Палестина үчүн бир жүрөк” саммитин өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий