• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу туурасында президентке сунуштама жиберди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү катары отставкасы туурасында сунуштоосун жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүму билдирди.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаковго көрсөтүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий