• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыгын чыгарды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 12-апрелде, «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруудагы жетишкендиктердин бетачары боюнча иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы «Таза Коом» башка багыттардан айырмаланып, көптөгөн ресурстарды талап кылган жогорку технологиялык программа болуп саналаарын, анткени, анын ийгилиги заманбап технологияларды, акылдуу чечимдерди, ошондой эле башкаруу жана маалыматтык технологиялар жаатындагы таланттуу адистерди тартуудан көз каранды экендигин баса белгиледи.
«Санариптик өнүгүүсүз карапайым жарандардын коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү сыяктуу жөнөкөй көйгөйлөрүн чечүү мүмкүн эмес, анын катарына электрондук тейлөө, электрондук сатып алуулар жана ачык маалыматтар кирет», - деди Сапар Исаков.
Мындан тышкары, Премьер-министрдин айтымында, аталган долбоорду ишке ашырууда жарандардын сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүгү жогорулайт.
«Билимге, дүйнөлүк илим казнасына, сапаттуу медицинага жана саламаттыкты сактоого жетишүү жалпыбыз үчүн артыкчылыктуу болуп саналат. Биз жыл сайын бюджеттин киреше бөлүгүнүн жыйырма беш пайызын билим берүү тармагына бөлөбүз. Бул мыкты жаштарды тарбиялоо үчүн жасалууда», - деп белгиледи Сапар Исаков.
Өкмөт башчы белгилегендей, жаштарга жашаган жеринен көзкарандысыз түрдө жаңы интерактивдүү технологиялар аркылуу кошумча билим алууга мүмкүндүк берүү зарыл.

«Дал ошондуктан Дүйнөлүк банк тарабынан ар-бир жаранга билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн интернетти ар бир айылга жеткирүүгө 50 млн АКШ доллары бөлүнүүдө», - деди Сапар Исаков.
Буга катар Өкмөт башчы сапаттуу мамлекетик башкаруу электрондук Өкмөтсүз мүмкүн эместигин билдирди.
«Жетекчи кагаздар топтому менен жүрчү учур эмес, биз электрондук булактарга өтүүбүз керек, бул мамлекеттик орган ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жакшыртууга шарт түзөт. «Таза Коом» долбоору жалпысынан «Түндүк» платформасы аркылуу ишке ашырылат», - деп белгиледи Сапар Исаков.
Анын айтымында, «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара байланышуу тутуму Интернетке кеңири тилкелүү байланышты куруп отурбастан, маалыматтарды корголгон каналдар аркылуу берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Премьер-министр билдиргендей, «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу менен мамлекеттик аппарат дагы натыйжасыз аткаминерлерден арыла алат.
Сапар Исаков «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууда өнөктөштөргө кызматташтыгы үчүн ыраазычылк билдирип, ошондой эле, мындан ары аны ишке ашыруу боюнча бардык кайрылууларды жана сунуштарды карап чыгууга даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле Өкмөт башчы «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн жарандарынын коопсузудугун камсыздоо өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Сапар Исаков аталган долбоордун иштөө механизмин эл алдында көрсөтүп берди.
Аны менен катар иш-чаранын алкагында «Мобилдик инспектор» маалымат системасы бар электрондук планшеттер, «Электрондук соода аянтча» долбоорлору, «Электрондук КУП», Автоматташтырылган маалыматтык тутум», «Электрондук патент», «Юридикалык жактарды электрондук каттоо», «Балдарга билим берүү мекемелерине электрондук кезекке туруу», «Гибриддик почта», «Адам ресурстарын эсепке алуу», ошондой эле «Түндүк» системасын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу демилгелерин ишке ашыруу боюнча мындан аркы чаралар тууралуу бетачар тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий