• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Жалал-Абад облусуна жасаган сапарынын алкагында Өкмөт башчы 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында орун алган Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышат. Ошондой эле Премьер-министр Аксы районунун Кербен шаарындагы Үй бүлөлүк медицина борборунун клиникалык-биохимиялык лабораториясынын иши менен таанышат.

Ош облусунда Сапар Исаков «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын ачылыш салтанатына катышып, Араван районунун Нурабад айыл округундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаардык Токтогул атындагы парктын аймагында өтүүчү ишембиликке катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий