• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Исфана" аэропортунда оңдоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. "Исфана" аэропортунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, жүргүнчүлөргө жана аларды тосуп алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүш үчүн аба майдандын аэровокзалын кеңейтүү долбоору иштелип чыкты.

Аэровокзалдын аянтын 180 чарчы метрден 552,9 чарчы метрге кеңейтилет. Мындай чара бир сааттын ичинде 75 жүргүнчүнү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, коопсуздук чараларын жакшыртуу үчүн жүргүнчүлөрдү текшерүү залы кеңейтилип, учуп келүү залында багажды алуу жайы пайда болот.

Эске салсак, "Исфана" аэропорту 1974-жылы колдонууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий