• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги Базар-Коргон эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн Акман айыл аймагы боюнча участкалык инспекторлордун 2020-жылы аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, Акман айыл аймагынын башчысы Марсел Көкөнов, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, мектеп директорлору жана жергиликтүү тургундар катышты.

Элдик жыйындын жүрүшүндө 2020-жылы Базар-Коргон РИИБинин аткарган жумуштары тууралуу видеобаян көрсөтүлүп, маалыматтар берилди. Ошондой эле бир катар жумуш учурунда кетирилген кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу тапшырмалары берилди. Мындан сырткары жолбун иттерди жана чөө-бөрүлөрдү жок кылуу зарылдыгы жыйындын жүрүшүндө айтылды. Ошондой эле кылмыштуулуктун көпчүлүгү спирт ичимдигин ичкен соң болуп жаткандыгы, буга байланыштуу түнкү убакыттарда спирт ичимдигин саткан дүкөндөрдүн иштөө убактысын кароо сунуштары белгиленди.

Жыйында Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков жергиликтүү тургундардын суроо-сунуштарын угуп, аларды кылмыштуулуктун алдын алууда милицияга көмөктөшүүгө чакырды. Зордук-зомбулук фактылары катталып жаткан үй-бүлөлөргө аксакалдар менен биргеликте профилактикалык жумуштарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле түнкү убакыттарда балдарын себепсиз көчөгө чыгарбоого, мал жандыктарын көзөмөлсүз калтырбоого үндөдү.

Жыйын соңунда жергиликтүү тургундар милициянын 2020-жылы аткарган жумуштарын канааттандыраарлык деп баалашып, пандемия учурунда мыкты кызмат өтөшкөндүгүн белгилешти. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан да милицияга көмөк көрсөтүлүп жаткандыгы, мындан ары да тыгыз кызматташтыкта жумуштар жүргүзүлө тургандыгы белгиленди.

Акман айыл аймагында жалпы 16 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 1 ЖИИ жана 3 милициянын участкалык инспекторлору тейлейт. Өткөн жыл ичинде Базар-Коргон РИИБдин милициянын участкалык инспекторлору тарабынан 19 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалган.

Эске салсак 2020-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Базар-Коргон РИИБи “Мыкты мекеме” номинациясына татыган жана 1-даражадагы диплом менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий