• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерге жылдык үстөгү 16%дык насыя берип жатат

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Ишкерликти өнүктүрүү фонду орто жана чакан ишкердик менен алектенгиси келгендерге жылдык үстөгү 16% пайыздык насыя берилип жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, насыя берүү Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрокредиттик компаниясы ААК аркылуу жүрүп жатат жана каржылоо айыл чарба, дыйканчылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган.

"Фонд тарабынан ушул жылдын 3 айында жалпы 147 адамга жеңилдетилген насыя берилген, ал эми Баткен облусунун ишкерлери үчүн 13% пайыздык чен менен насыялык каржылоо дагы каралган, бул жеңилдиктер аймактагы ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Келечекте жеке ишкерлерге жеткиликтүү насыя берүү мүмкүнчүлүгү дагы түзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам ишкердикти өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 600 млн сомго чейин жетти. Мындан сырткары, жеке ишкерлерге жеткиликтүү насыя берүү мүмкүнчүлүгү дагы түзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Финансы министрлиги Ишкерликти өнүктүрүү фондунун жалгыз акционери болуп, уставдык капиталын көбөйтүүгө каражат бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий