• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исмаилова Ошто курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, оорукананын башкы бөлүмдөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 100 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат.

Аталган оорукананын курулушун ноябрь айынын башына аяктоо пландаштырылган.

Оорукана 100 орунга ылайыкташтырылган, 3 бөлүмдөн турат. Ошондой эле Ош шаардык инфекциялык ооруканасынын эски имараты дагы капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий