• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Юстиция министрлиги "Нотариат жөнүндө" КР Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Юстиция министрлиги КРнын “КРнын айрым мыйзам актыларына (КР Бузуулар жөнүндө кодексине, КРнын “КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамына, КРнын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоорун демилгелейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Аталган мыйзам долбоор КРнын “КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамында камтылган коллизияларды жоюу, аталган Мыйзамдын ченемдерин КРнын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо максатында нотариалдык ишти реформалоо үчүн, калкты нотариалдык жактан тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, калктын нотариатка ишенимин бекемдөө, анын беделин жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

КРнын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөнкүдөй мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталат:

- мыйзам долбоор менен нотариустардын кесиптик этикасы жөнүндө ченем жана анын ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилет;

- аталган иш менен алектенүүнү каалаган адамдар үчүн 25 жаштан 70 жашка чейинки курактык чек белгилөө каралган.

Нотариустун статусун, калктын ишеним индексин жогорулатуу максатында Мыйзам долбоор менен нотариус боло албаган адамдарды толуктоо сунушталат:

- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык иши токтотулгандарга карата;

- жеке нотариат же адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы жана (же) жеке нотариат иш жүргүзүүгө квалификациялык күбөлүгү кайра чакыртылып алынган же токтотулган, же болбосо нотариалдык иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бергендиги үчүн мамлекеттик нотариус кызмат ордунан 5 жылга бошотулган;

- кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулган, прокуратура органдарынан жана укук коргоо органдарынан аталган органдардын кызматкеринин наамын дискредитациялоого байланыштуу бошотулган, ошондой эле тартиптик жорукту жасагандыгына байланыштуу мамлекеттик же муниципалдык органдардан бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде.

Мындан тышкары, сунушталган долбоор менен нотариалдык иш жүргүзүү үчүн чектөөлөр чөйрөсү да кеңейтилген.

Аталган мыйзамды кабыл алуу менен нотариалдык ишти тартипке келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл болот.

Ошону менен бирге жогоруда белгиленген Мыйзам долбоорунун тексти менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: https://www.gov.kg/ky/npa/s/2689

Пикир

Оставить комментарий