• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кечеде узундугу 3,2 чакырым болгон айланма жол 10-15 күндө салынат

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кара-Кечеде узундугу 3,2 чакырым болгон айланма жол 10-15 күндө салынат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече - Дыйкан" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүргөн. Болжол менен 2 млн куб метр жер көчкөн.

Ишканадан билдиришкендей, жаңы жолду салуу иши күндүз гана жүргүзүлгөндүктөн, ишти күчөтүү үчүн иштерди күнү-түнү жүргүзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Мындан мурда жол бир аптада салынып бүтөт деген божомол болгон. Бирок тоодон таштар токтобой түшүп жаткандыктан, жаңы жол 10-15 күндө толугу менен салынып бүтөрү болжолдонууда. Жаңы салынып жаткан жол тоонун боору менен өтүп, 3,2 чакырымды түзөт. Адистердин айтымында жол кенен болот: кууш жери 6 метр, кенен жери 8 метрди түзөт. Дагы чоң таштар түшүүсү мүмкүн деген коркунучтар бар. РЭСке электр жана мобилдик чубалгыларын сайдын аркы бети менен алып өтүү сунушталды", - деп билдирет ишкана.

Учурда айланма жолду салуу үчүн үч техника иштеп атат. Алар үчүн төрт тонна солярка алынып келген. Жол министрлиги тарабынан дагы эки экскаватор жөнөтүлөрү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий