• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайында, темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш түшүрүү иштери 22-апрелден 26-апрелге чейин күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин уланат.

Таш кулатуу иштери жүрүп жаткан учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылып турат.

Буга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы айдоочуларды сапарга чыгарды жол жүрүүнү алдын ала пландап алууга чакырыт.

"Иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий