• 88.68
  • 95
  • 0.95

Sanofi эл аралык француз фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келет

Ден соолук 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз мырза Sanofi фармацевтикалык компаниясынын Глобалдык ден соолук бөлүмүнүн башчысы Жон Файрест менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 17-апрелде Парижде өттү.

Анда тараптар фармацевтика тармагында кызматташуунун келечеги, инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Элчи Ссадыр Шер-Нияз Sanofi компаниясынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен фармацевттердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу багытында окутуу боюнча биргелешкен долбоорду каржылаганы үчүн ыраазычылык билдирген.

Жолугушуунун аягында, Жон Файрест элчинин 2024-жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүү чакырыгын кабыл алды.


Маалымат үчүн: Sanofi - эл аралык француз фармацевтикалык компаниясы. Бул дүйнөдөгү алдыңкы фармацевтикалык корпорациялардын бири. Sanofi дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө иштейт. Компаниянын башкы кеңсеси Парижде жайгашкан. Forbes Global 2021-жылдагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын тизмесинде Sanofi 72-орунду ээлеген. Активдери 120 миллиард евро, кызматкерлердин саны 99 412.

Пикир

Оставить комментарий