• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тогуз-Тородо майыптуулугу бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулат

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Реабилитациялык борбор куруу район акими Манас Мураталиев тарабынан демилгеленген. Учурда курулуш долбоору даярдалып, жер бөлүнүп берилди.

Аталган реабилитациялык борбор бардык талаптарга жооп берген шартта салынат. Курулуш иштери июнь айында башталып, жыл аягында пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар 1,5 миңдей жаран бар.

Пикир

Оставить комментарий