• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар жаңы тиркеменин жардамы менен дарыгерге чейинки жардам көрсөтө алышат

Ден соолук 0

Бишкек, 09.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүнүн ыкмалары жана түрлөрү жазыла турган тиркеме пайда болду. Бул тууралуу КР Кызыл Жарым ай Улуттук коомунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Биринчи Жардам” тиркемеси өлкөнүн бардык аймагында Android жана IOS платформаларында акысыз түрдө жеткиликтүү .

“Биздин жашообузда көбүнесе ар кандай түрдөгү жол жана өзгөчө кырсыктар катталып турат. Ошол учурларда дарыгерге чейинки жардам өз убагында көрсөтүлсө, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга болмок. Тиркемеде дарыгерлердин келишине чейин көрсөтүлө турган Биринчи жардамдын ыкмалары жана усулдары жазылган,-деп айтылат маалыматта.

Тиркеме төрт негизги бөлүктөн турат: “Үйрөнүңүз”; “Даярданыңыз”; “Өзгөчө кырдаал”; “Тесттер”.

Аталган тиркемени шилтеме аркылуу табууга болот: https://play.google.com/store/apps/details…

Тиркеменин өзгөчөлүгү, ал дароо кырсык болгон жерге тез жардам кызматын чакырууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий