• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ивица Дачич президент Садыр Жапаровду Сербияга келип кетүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары - тышкы иштер министри Ивица Дачич КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду иш сапары менен өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды.

"Кыргызстан жана Сербия дайыма дос өлкө болуп келишкен. Менин иш сапарым эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берет деп ишенем. Кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек жана мындан да жогорку деңгээлде визит алмашуубуз керек. Серб тарап, менин оюмча, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду биздин өлкөгө иш сапары менен келүүгө чакыргысы келет. Визит мамилелердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз", - деди ал.

Эскерте кетсек, Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары - тышкы иштер министри Ивица Дачич кечээ, 5-апрелде расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Сербиянын тышкы иштер министринин иш сапарынын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо үчүн бир катар жолугушуулар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий