• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көчөдө эч ким жок. Жалал-Абад шаарындагы бүгүнкү абал — фоторепортаж

Аймак 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Коронавирус оорусу менен күрөшүүдө өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалга жана жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине ылайык, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө автоунаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн саны кескин кыскарды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда калаадагы азык-түлүк саткан соода жайлары менен дарыканалар гана иштөөдө. Ага карата жергиликтүү бийлик тургундарга кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алып, үйдө олтурган эң туура чечим экендигин билдирүүдө.

"Өкмөттүн буйругуна ылайык, бүгүн да Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана калаадагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери дем алышсыз ишин улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Республикалык штабдын берген акыркы маалыматына таянсак, 22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок.

Учурда республика боюнча жалпы COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):

-Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий