• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көчөдө эси ооп жыгылган кызды ооруканага жеткирген ИИМ Академиясынын курсантына шаар тургуну ак батасын берди

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Кеңешгүл Мендешова көчөдө эси ооп жыгылган небересин ооруканага жеткирген ИИМ Академиясынын курсантына рахматын айтып, батасын берди. Бул тууралуу КР ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар тургуну ИИМ Академиясына атайын келип, аталган окуу жайдын жетекчилигине жана 2-курстун курсантына ыраазычылык билдирди.

Кеңешгүл айымдын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында студент небере кызы кечке маал окуудан келе жатып, өзүн жаман сезип, эси ооп көчөгө жыгылып калган. Жолдо кетип бараткан 2-курстун курсанты Алмаз Алибаев студент кызды Бишкектеги №4 шаардык ооруканага такси менен жеткирип, кабыл алуу пунктунда кыздын жакындары келгенче күтүп турган.

"Өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын бийик койгон, кайдыгерликке жол бербей колдон келген жардамын аябаган, келечектеги мыкты милиция кызматкерлерин тарбиялап келе жаткан окуу жайдын жетекчилигине жана 2-курстун курсанты Алмаз Алибаевге кыздын чоң энеси ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий