• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көк-Артта суунун деңгээли көтөрүлүп, Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды - фото

Аймак 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Көк-Арт дарыясында (Таш-Булак айыл аймагы) суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Ынтымак айылындагы Благовещенка көпүрөсүнүн асты жагын суу жеп, дарыянын боюндагы калктуу конуштарга, айыл-чарба жерлерине, социалдык объектилерге коркунуч келтирген.

Жогорудагынын негизинде материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында, Сузак районунун акими өзгөчө кырдаалдар абалын жарыялаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суунун нугун буруу иштерин жүргүзүлүп жатат, 8 даана техника тартылган.

"Тартылган күчтөрдүн жардамында кечээ, 4-март күнү көпүрөнүн төмөн жагынан 200 м аралыктагы суунун нугу бурулуп, 100 м дамба таштар менен бекемделди. Ал эми бүгүн бекемдөө иштери улантылууда", - деди Абдишарип Бекилов, Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базанын башчысы.

Учурда Көк-Арт дарыясынын агымы секундасына 15-17 кубметрди түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий