• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көмүр маселеси: Жапаров энергетика министри Бекмурзаевди сынга алып, сөгүш жарыялады

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге дагы сөгүш жарыялады.

Жапаров Бекмурзаевди беш айдан бери министр, эки ай министрдин орун басары, 1,5 жыл “Түндүкэлектр” ишканасын жетектеп келгенин айтып, эмне себептен убагында электр энергия тармагындагы маселелерди чечпей келе жатканын сындады.

“Кечээ көмүр боюнча да көйгөй жаралды. Түшүнүп турам саботаж болду. Жыл башынан бери үч жетекчи алмашты. Кабинетиме УКМКнын башчысын, өзүңүздү чакырдым, ӨКМ бардык техникаларын жөнөттү, шарттын баарын түзүп бердик. Элге көмүрдү сатканда баасын 3 жана 3,5 миң сомдон көтөрбөгүлө дедим. Бир ай бою ажиотаж кылдыңыздар. Көзөмөлгө ала албай койдуңуз, ошондуктан сизге дагы сөгүш жарыялайм”, - дейт ал.

Өлкө башчысы жетекчилерди урушуп отурбай, маданияттуу түрдө жазалай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Садыр Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий