• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек". Президент ысырапкорчулук жөнүндө

Президент 0


Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин "Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи" аталышындагы жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара кызматташуусун арттыруу зарыл. "Бул боюнча биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок ошол эле учурда айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна, ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек", - деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий